1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

31

Академиялык мобилдүүлүк алкагында өткөрүлгөн конок лекциялар жана мастер-класстар

         Жалал-Абад Мамлекеттик университети илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси 2025–2026-окуу жылында академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашырууда. Бул программанын алкагында студенттер менен окутуучулар арасында билим жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилүүдө.

Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш предметтик-цикловая комиссиясынын окутуучулары — Айнагүл Акылбековна Ташматова, Айтбу Анарбай кызы жана Наргиза Надырбековна Сатымкулова 2026-жылдын экинчи семестринде Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык‑педагогикалык колледжинде офлайн форматта конок лекциялар жана мастер-класстарды өткөрүштү.

Иш-чаралардын жүрүшүндө окутуучулар төмөнкү темалар боюнча сабактарды өткөрүштү:

  • Айнагүл Акылбековна Ташматова«Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомго адаптациялануусу»
  • Айтбу Анарбай кызы«Балдардын социалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүн колдоо»
  • Наргиза Надырбековна Сатымкулова — мастер-класс «Жашоону тандоо: суициддин алдын алуу жана бири-бирибизди колдоо»

Өткөрүлгөн иш-чараларга колледждин окутуучулары жана студенттери активдүү катышып, социалдык иш тармагында практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүп, өз ара тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.

Мастер-класстар өз максатына жетип, катышуучулар тарабынан жогору бааланды. Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагындагы кызматташтык мындан ары онлайн форматтагы сабактар жана жолугушуулар аркылуу улантылмакчы.