1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

Иш берүүчүлөр менен кызматташтык – сапаттуу адис даярдоонун негизги фактору

Экономика жана укук колледжинин Укук таануу адистиги боюнча иш берүүчүлөр менен жолугушуу-маек уюштурулду. Маекке Манас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын капитаны Уркумбаев Амангелди Алтыбаевич, ошондой эле колледждин өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н. Айылчиева жана Укук таануу адистигинин практика жетекчиси Б. Жусупбекова катышты.

Жолугушуунун негизги максаты – Экономика жана укук колледжинин Укук таануу адистигинин студенттеринин мамлекеттик практикасынын жүрүшүн талкуулоо, алардын кесиптик билим деңгээлин, алган билимдерин жана көндүмдөрүн практикалык ишмердүүлүктө колдоно билүү мүмкүнчүлүгүн баалоо болду. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн жаңы иш шарттарына тез көнүү жөндөмдүүлүгү, өз алдынча эмгек милдеттерин аткаруу жөндөмү, коммуникациялык сапаттары, тартиби жана эмгекчилдиги тууралуу иш берүүчүнүн пикирин угууга өзгөчө көңүл бурулду.

Маектин жүрүшүндө Уркумбаев Амангелди Алтыбаевич окуу жайдын практика жетекчилери мекеме-ишканалар менен тыгыз байланышта иш алып барып жатканын белгилеп, ар бир практиканттын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнүп, алдын ала уюштуруу иштери жүргүзүлүп жаткандыгы келечекте жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоого чоң салым кошорун баса белгиледи. Ал ошондой эле берилген суроолорго жооп берип жатып, колледждин студенттеринин практикалык даярдыгы жана алардын ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеси жалпы жонунан канааттандырарлык экенин белгиледи.

Мындай жолугушуулар билим берүү мекемеси менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, келечектеги адистердин кесиптик сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.