1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

Студенттердин билим жана тажрыйба алмашуусу

            Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин «Социалдык иш» адистигинин 2-курсунун 5 студенти ЖАМУнун Экономика жана укук колледжинин «Социалдык иш» адистигинде билим алып жатышат.

Келген студенттерди окуу жайдын жамааты жылуу тосуп алып, колледждин директору Айнагүл Акылбековна тарабынан окуу жайдын тарыхы, материалдык-техникалык базасы жана окуу процесси менен тааныштыруу иштери жүргүзүлдү.

Студенттер Социалдык иш ПЦКсынын СРк-2-24 тайпасы менен бирге окуу процессине катышып, окутуучулар тарабынан уюштурулган мастер-класстарга катышып, өз ара билим жана тажрыйба алмашууда. Бул иш-чара студенттердин кесиптик билимдерин тереңдетүүгө жана окуу жайлар ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.