БАЗАДАГЫ ИШ ЧАРА

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин экономика ПЦКсынын БЭк-2-21 тайпасынын студенттери мамлекетик практикага Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө бөлүнүшкөн. Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө экономика ПЦКсынын практика жетекчиси А.Ж.Айдарбекова мамлекеттик практика өтөп жаткан студенттерге ”Колго тийе турган айлык акыны табелдин негизинде эсептөөгө көмөктөшүү” – деген темада студенттерге түшүндүрүү ишин жүргүздү. Практиканттарга А.Ж.Айдарбекова ар бир кызматкердин иштеген же өткөрүп жиберген иш убактысын эсепке алуу, анын негизинде бухгалтерия эмгек акыны жана башка төлөмдөрдү эсептегендигин, табелди туура жана так толтуруу керектигин, жумушчулардын эмгек акысын эсептеп чыгаруунун жолдорун жана эмгекке жарамсыз барактын негизинде табелди толтурууну Excell программасында практика жүзүндө үйрөттү. Табель кызматкерлердин иш тартибин сакташын көзөмөлдөйт деп түшүндүрмө берди. Базадагы иш чара мамлекеттик практикада жүргөн студенттер үчүн өтө пайдалуу болуп, алардын практикасын өтөөсүнө дагы да кызыгууларын арттырды.