1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

«Аял – өмүрдүн көркү, мугалим – билимдин нуру»

БЭк-3-25 тайпасында «Аял – өмүрдүн көркү, мугалим – билимдин нуру» аттуу куратордук саат өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты – аялзатынын коомдогу ордун даңазалоо, мугалимдердин билим берүү тармагындагы эмгегин баалоо жана студенттердин урмат-сыйын арттыруу болду.

Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттер аялдардын коомдогу ролу, эне мээрими жана мугалимдердин келечек муундарды тарбиялоодогу мааниси тууралуу баяндама, ыр саптарын жана кызыктуу ойлорун бөлүшүштү. Ошондой эле майрамдык куттуктоолор айтылып, мугалимдерге жана аялзатына карата ыраазычылык билдирилди.

Иш-чара жылуу маанайда өтүп, студенттерге тарбиялык жана руханий таасир берди.