1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

Экономика жана укук колледжинде студенттердин коопсуздугу жана этикасы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Экономика жана укук колледжинде (ЭУК) эркек балдар арасында тартипти бекемдөө, сырттагы жагымсыз жагдайлардын алдын алуу жана өзүн алып жүрүү маданиятын жогорулатуу максатында атайын тарбиялык саат өткөрүлдү.

Иш-чараны колледждин Аскерге чейинки даярдык (АЧД) жана дене тарбия жетекчиси Карыбаев Сабырбай Сырдыбаевич жана окутуучу Алымжан уулу Жыргалбек уюштуруп, студенттер менен ачык маек курушту.

Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү маанилүү маселелерге токтолушту:

  • Коомдук жайларда өзүн алып жүрүү: Студенттердин колледж ичинде гана эмес, көчөдө жана коомдук жайларда өздөрүн маданияттуу алып жүрүүсү, этика эрежелерин сактоосу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
  • Жагымсыз жагдайлардын алдын алуу: Көчөдөгү ар кандай чыр-чатактарга аралашпоо, укук бузууларга жол бербөө жана коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча эскертүүлөр берилди.
  • Сергек жашоо жана тартип: Жигиттерге мүнөздүү болгон чечкиндүүлүк, жоопкерчилик жана спортко болгон кызыгууну арттыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Бөлүм жетекчиси Сабырбай Сырдыбаевич өз сөзүндө: "Биздин максат — студенттерге терең билим берүү менен бирге, алардын коомдогу ордун туура табуусуна, ар кандай терс көрүнүштөрдөн алыс болуп, чыныгы азамат катары калыптануусуна көмөктөшүү," — деп баса белгиледи.

Тарбиялык сааттын соңунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Мындай иш-чаралар колледждин ички тартибин чыңдоого жана жаштардын аң-сезимин туура багытка бурууга чоң өбөлгө түзөт.