1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

86

1

КЫРГЫЗ ДЕП БИЗДИ ТААНЫТКАН-АК КАЛПАК 

Б.Осмонов атындагы экономика -юридикалык колледжинде ыргыз деп бизди тааныткан -ак калпак” деген аталыштагы иш чара өткөрүлдү.

Иш чаранын уюштуручусу ЖББ ПЦКсынын окутуучусу М.Базарбаева. 5-март Ак калпак күнүнө арналган иш чаранын максаты ата-бабаларыбыз кийип келген баш кийим ак калпакты даңзалоо жана    ак калпак жөнүндө маалыматтар менен студенттерди  тааныштыруу. Иш чарада М.Базарбаева студенттерге ак  калпактын жасалуу жолу, калпака түшүрүлгөн оюуларынын чечмелениши, калпактын түрлөрү жана  калпака арналган ырым- жырымдар жөнүндө кеңири маалымат берип, атайын даярдалган видео роликтерди көрсөттү.

Иш чарада студенттер тарабынан даярдалган ырлар, көркөм окуулар жана бийлер тартууланды. Иш чаранын жыйынтыгында ЖББ ПЦКсынын башчысы М.Асанова  мырзаларды 5-март калпак күнү менен  куттуктады.