1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

32

Экономика ПЦКсынын 3-курс студенттери мамлекеттик практикага жөнөтүлдү

Б. Осмонов атындагы Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын              3-курсунун студенттери окуу процессинин графигине ылайык мамлекеттик практикага жөнөтүлдү.

Практика жетекчилери тарабынан студенттер тиешелүү мекеме-ишканаларга  жайгаштырылып, ар бир студентке практика өтүүчү жайы бекитилди. Студенттерге практика учурунда аткарыла турган негизги милдеттер, отчет даярдоо тартиби, практика күндөлүгүн толтуруу эрежелери жана жетекчилер менен үзгүлтүксүз байланышта болуу боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле алыскы аймактарга практика өтүүгө жөнөтүлгөн студенттер санитардык-техникалык коопсуздук эрежелери менен алдын ала таанышып, эмгек тартибин кармануу жана окуу жай менен дайыма байланышта болуу милдетин алуу менен  тиешелүү арыз жазуу аркылуу өз жоопкерчиликтерин мойнуна алып, алыскы аймактардагы мекеме-ишканаларга практикадан өтүү үчүн жөнөтүлдү.