1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

Кесиптик тажрыйбага карай маанилүү кадам

 ЖАМУнун Экономика жана укук колледжинде студенттерди мамлекеттик практикага жөнөтүү алдындагы конференция уюштурулду. Конференцияга БЭк-2-23,   ФК-2-23, ФК-3-23 жана ССк-2-23 тайпаларынын студенттери, ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Н.С. Жолдошалиева, ЭУКтун директору А.А. Ташматова, өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси Н.А. Айылчиева, ошондой эле Экономика ПЦКсынын практика жетекчилери катышышты.

       Конференцияны колледждин директору А.А. Ташматова ачып, мамлекеттик практика студенттер үчүн чоң тажрыйба мектеби экенин белгиледи. Ал студенттерге алдыдагы иш учурунда жоопкерчиликтүү болуп, мекеменин ички тартибин сактап, өздөрүн келечектеги адис катары көрсөтүүгө аракет кылуу керектигин айтты.

       Иш-чаранын жыйынтыгында Н.С. Жолдошалиева жыйынтыктоочу сөз сүйлөп, студенттерге алдыдагы мамлекеттик практикада ийгилик каалады. Ал практика учурунда алынган тажрыйба алардын келечектеги кесиптик өнүгүүсүнө чоң салым кошорун белгилеп, ар бир студент өзүн жоопкерчиликтүү жана активдүү көрсөтөт деген ишенимин билдирди.

       Практика жетекчилери тарабынан студенттерге керектүү нускамалар берилип, практика учурунда аткарылуучу иштер, отчет даярдоо жана жетекчилер менен байланышта болуу боюнча түшүндүрмө беришти. Ошондой эле практика күндөлүгүн өз убагында жана туура толтуруу, мекемедеги эмгек тартибин сактоо жана коопсуздук талаптарын аткаруу зарылдыгы айтылды.