ЭЮКта ата-энелер чогулушу
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин ЖББ ПЦКсынын окутуучусу Н.К.Осмонова УТк-4-23 тайпасынын студенттеринин ата-энелер чогулушун өттү. Чогулуштун негизги максаты:1-семестрдин жыйынтыгы, студенттердин жетишүүсү, сабакты себепсиз калтыруусу жана окуу акылардын төлөнүшү боюнча маалыматтарды берүү.
Алгач куратор Н. Осмонова 1-семестрдин жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Куратор ар бир студенттин жетишүүсү, тартиби боюнча тааныштырды. Ошондой эле ЛАЗга калган студенттер жөнүндө маалымат берди. Ата-энелер сөзгө чыгып студенттердин кемчиликтерин жоюуга өздөрүнүн жардамын көрсөтөөрүн айтышты. Ошондой эле ПЦК башчысы М.Ж. Асанова , англис тили мугалим Ж Орозова , физика мугалим Г Барпиева, кыргыз тили мугалим Н Садыровалар да сөзгө чыгышып студенттердин сабакка катышуусу, жетишүүсү жана тартиптери жөнүндө айта кетишти. Чогулуштун жыйынтыгында ата-энелер окутуучуларга ыраазычылыгын билдиришип, иштерине ийгиликтерди каалап кетишти.