Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган спорттук иш чара
Экономика-юридикалык колледжинде “Ата-Мекенди коргоочулар” күнүнө карата балдар арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулду. Мелдештин уюштуруучусу колледждин дене тарбия жана аскерге чейинки даярдоонун жетекчиси Разаков Мазакбай .
Ата -Мекенди коргоочу бул-бир гана чеп бетинде турган жоокер эмес, бул ар бир жарандын экономикабызга, саламаттыкты сактоого, билим берүүгө, маданиятыбызга жана идеологиябызга күн сайын эмгек менен салым кошуп жаткан ар бир атуулдун иш аракети. Жыл сайын 23-февралда белгиленип келе жаткан Мекенди коргоочулардын майрамы эрдиктин жана чыныгы мекенчилдиктин символу. Ар бир жаран үчүн Ата-Журттун кызыкчылыгын коргоодон өткөн ыйык жана акыйкат милдет жок. Мелдештин максаты: өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо, студенттердин ден соолугун чыңдоо, спорт менен машыгууга үндөө, волейбол оюнун дене тарбиянын негизги куралдарынын бири катары колдонуу жана студенттеринин арасында достук маанайды жаратуу.
Мелдештин жыйынтыгында:
I-орунду, 3 курстун студенттери:
1. Рашидов Нуртилек – СРк-2-21;
2. Абдиназаров Бекзат – ССк-2-21;
3. Калдарбаев Эрболот – ССк-2-21;
4. Эрнис уулу Бактилек – СРк-2-21.
II-орунду, 1 курстун студенттери:
1. Асанов Чынгыз – Фк-2-23;
2. Сатылганов Эрлан – Фк-2-23;
3. Асанов Дастан – Фк-2-23;
4. Манасов Нурмухамбед – Фк-2-23;
5. Сыргаков Эрмек – Фк-2-23;
6. Жалилов Бекзат – Фк-2-23.
III-орунду, 1 курстун студенттери:
1. Эргешов Бектур – Утк-01-23;
2. Абдымаматов Эржан – Утк-01-23;
3. Кайратбеков Бектурсун – Утк-01-23;
4. Акунов Бекболот – Утк-01-23;
5. Даткайов Амантур – Утк-01-23;
6. Кылычбеков Бекбол – Утк-01-23.
Ошондой эле «Мыкты оюнчу» номинациясына ССк-2-21 тайпасынын студенти Абдиназаров Бекзат; «Мыкты чабуулчу» номинациясына СРк-2-21 тайпасынын студенти Рашидов Нуртилек , «Мыкты коргоочу» номинациясына ФКк-2-23 тайпасынын студенти Асанов Чынгыз ээ болушту.