1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында иш сапары

            2025–2026-окуу жылынын академиялык мобилдүүлүк боюнча иш планына ылайык № 17/4 буйругунун негизинде 2026-жылдын 9-мартында Экономика жана укук колледжинин «Социалдык иш» адистигинин окутуучулары Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжине академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында иш сапары менен барышты.

            Иш сапардын максаты – билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу, окутуу процессин өркүндөтүү жана академиялык кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат. Академиялык мобилдүүлүк программасына төмөнкү окутуучулар катышууда:

Ташматова Айнагуль Акылбековна – Социалдык иш ПЦКсынын окутуучусу

Сатымкулова Наргиза Надырбековна – Социалдык иш ПЦКсынын окутуучусу

Анарбай кызы Айтбу – Социалдык иш ПЦКсынын окутуучусу

            Бул программа окутуучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга, жаңы методдор менен таанышууга жана эки окуу жайдын ортосундагы билим берүү байланыштарын бекемдөөгө чоң салым кошот.