1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

Студенттер квалификациялык практикага жөнөтүлдү 

Социалдык иш адистигинин СРк-2-23 (9, 11) тайпасынын студенттерин окуу графигине ылайык квалификациялык практикага жөнөтүү боюнча конференция болуп өттү.  Практиканын мөөнөтү 9-марттан 25-апрелге чейин белгиленген жана иш берүүчү мекемелерде болот. Конференцияда ЭУКтун директору А. А. Ташматова квалификациялык практиканын студенттер үчүн окуу жайда алынган теориялык билимди бышыктоонун жыйынтыктоочу этабы катары маанилүүлүгүнө токтолду.  Андан сырткары, студенттерге практика өтөө мекемелерине бөлүштүрүлүүсү жөнүндө маалымат берилди.

Өз кезегинде, колледждин өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси Н. А. Айылчиева студенттерди практиканын жобосу менен тааныштырып, иш берүүчү уюмдар менен байланыш жана отчетторду даярдоо боюнча түшүндүрмө берди.

Ошондой эле студенттерге практика жетекчиси, Н. Н. Сатымкулова практика учурунда техникалык коопсуздук эрежелерин, санитардык-гигиеналык талаптарды, мекеменин ички тартиптерин сактоонун маанилүүлүгүн айтып өттү.

Соңунда студенттер квалификациялык практиканын максаты жана милдеттери, практиканын жол картасы боюнча презентацияларды даярдап чыгышты.