1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

Гидравликалык системалар түзүлүшү жана иштеши.

Экономика жана укук колледжинин ЖББ ПЦКсынын "Физика чеберканасы"ийриминин катышуучулары БЭк-3-25 тайпасынын студенттери алган билимдерин практика жүзүндө жасап көрүштү.Ийримдин жетекчиси Г.М.Барпиева ​студенттерге физикалык ой жүгүртүү — бул жөн гана билим эмес, бул чыгармачылык да экендигин түшүндүрдү.

​Жөнөкөй картон, бир аз жип жана шприцтердин жардамы менен чыныгы иштеп жаткан гидравликалык системаны жасашты.Студенттер физиканын татаал мыйзамдарын жөнөкөй жана кызыктуу жол менен көрсөтүп беришти.Физика сабагы ушундай форматта өткөндө гана эсте калат жана кызыгууну жаратат.