1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

Жумуш ордунда окутуу ЖАМУнун китепканасында

Экономика жана укук колледжинин УТк-8-25 тайпасынын студенттери окутуучу Н.А. Кочкорова менен биргеликте англис тили предмети боюнча жумуш ордунда окутуу (ОРМ) алкагында ЖАМУнун китепканасында болушту.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттерди окуу жайдын китепканасы менен тааныштыруу жана англис тилин практикалык түрдө колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүү болду.

Практикалык сабактын жүрүшүндө студенттер китепкананын бөлүмдөрү, китеп фондусу жана пайдалануу эрежелери тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле англис тилинде китепкана жөнүндө баяндама жасап, суроолорго жооп берип, өз билимдерин практика жүзүндө көрсөтө алышты.

Бул иш-чара студенттердин тилдик жөндөмдөрүн, өз алдынча сүйлөө жана маалымат берүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.