1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

Студенттердин билимин тереңдетүү максатында жолугушуу

 Экономика жана укук колледжинин студенттери үчүн пайдалуу жолугушуу уюштурулду. Анда студенттер окуу менен катар чет өлкөдөн билим алуу жолдорун үйрөнө алды. Студенттердин бул багытта маалыматтуулугун артыруу максатында колледждинжетекчилери атайын конокторду чакырып, студенттер менен жолугушуу уюуштурган. Алар,  Алмазбек Мамаев — КР кесиптик бирликтер федерациясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү, Кайрат Төрөев — КР кесиптик бирликтер федерациясынын Жаштар кеңешинин төрагасы.

Жолугушуунун алкагында студенттерге төмөнкүдөй маалыматтар берилди: Дуалдык билим берүү: Теория менен практиканы айкалыштырып, окуп жатып иштөө мүмкүнчүлүктөрү. Германиядагы программалар: Жаштар үчүн Германияда билим алуу жана тажрыйба топтоо жолдору. Кесиптик бирлик: Студенттердин жана жаш адистердин укуктарын коргоо, аларды колдоо багыттары. Бул жолугушуу студенттер үчүн жөн гана маалымат эмес, чоң мүмкүнчүлүктөргө ачылган эшик болду.