1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

Укук таануу адистигинде ата-энелер жыйыны өткөрүлдү.

2026-жылдын 28-февралында Экономика жана укук колледжинин Укук таануу адистиги боюнча УТк-01-25 (11) тайпасында ата-энелер жыйыны болуп өттү. Жыйынга ПЦК башчысы жана тайпанын куратору Г.А. Доноева, ошондой эле колледждин директору А.А. Ташматова катышты.

Жыйында күзгү семестрдин жыйынтыгы чыгарылып, студенттердин окуудагы жетишүүсү, сабакка катышуусу, 1- жана 2-модулдардын жыйынтыктары, экзамен жана зачёттордун көрсөткүчтөрү жана АВН системасы боюнча кеңири маалымат берилди.

Мындан сырткары:

1.Күзгү семестрге академиялык карызы бар студенттер боюнча кеңири маалымат айтылды;

2.Контракттык төлөмдөрдүн абалы боюнча маалымат берилди;

3.Жайкы семестрди тапшыруу тартиби түшүндүрүлдү;

4.Окуу практикасынын мөөнөтү жана талаптары боюнча маалымат берилди.

Жыйын учурунда ата-энелер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, тиешелүү жоопторду алышты. Ошондой эле ата-энелер арасында сурамжылоо жүргүзүлдү.

Жыйын соңунда ата-энелер колледждин материалдык-техникалык базасы менен, анын ичинде компьютердик класстар менен таанышышты.

Мындай жыйындар ата-энелер менен колледждин ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана студенттердин билим сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт деп билдирди тайпанын куратору Г.Доноева.