1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

19 часов назад

30

Сабакты пландаштыруу,окуу процессин активдештирүү

2026-жылдын 25-февралында Экономика жана укук колледжинде жаңы ишке кирген жана педагогикалык стажы 5 жылга жетпеген окутуучулар үчүн «Сабакты пландаштыруу, окуу процессин активдештирүү» аталышындагы мастер-класс уюштурулду. Иш-чара жаш адистердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана сабак өтүүнүн натыйжалуу ыкмаларын практикада колдонууга багытталды.

Мастер-класстын алкагында сабакты максаттуу жана системалуу пландаштыруу, окуу максаттарын так аныктоо, баалоо критерийлерин иштеп чыгуу, ошондой эле студенттердин активдүүлүгүн арттыруучу интерактивдүү методдорду колдонуу боюнча практикалык сунуштар берилди. Катышуучулар топтук иш форматында сабактын үлгү планын түзүп, заманбап окутуу ыкмалары боюнча тажрыйба алмашышты.

Иш-чарага төмөнкү окутуучулар катышты:

Макеев Б., Иркеева З., Курстанбекова Б., Усубалы уулу Н., Алымжан уулу Ж., Жандарбек уулу Э., Жороева Айжамал, Имодиллаев Ф., Камбаралиева Н., Камчибекова Э., Шаршенкулова А., Эрнис уулу А., Аскаров А., Жусупова А., Маматов А., Мойдинова Н., Нурмамат уулу Н., Сатарова Д., Эрматов Акбар.

Мастер-классты ЭУКтун окуу-усулдук иштер боюнча инспектору Орозова Ж жетектеп, жаш окутуучуларга усулдук колдоо көрсөттү. Ал сапаттуу сабак так пландоого, максаттын аныктыгына жана окутуучунун чыгармачыл мамилесине түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.

Мындай иш-чаралар колледжде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана жаш окутуучулардын кесиптик өсүшүнө өбөлгө түзөт. Колледж жамааты окутуучулардын үзгүлтүксүз өнүгүүсүнө багытталган семинар-тренингдерди мындан ары да уюштурууну пландоодо.