1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

7

Экономика жана укук колледжинде жыйын өттү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук колледжинде 2-курстун студенттерин Жайкы семестрдин ЖОБОсу менен тааныштыруу максатында жыйын өткөрүлдү.

Жыйынды ЭУКтун директору Ташматова А.А. алып барып, Жайкы семестрдин негизги максаттары жана милдеттери тууралуу кеңири маалымат берди. Аталган ЖОБО билим берүү процессинин сапатын жогорулатуу, студенттерде окуу сабактарынын бардык түрлөрүнө жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу, жарандардын билим алуу муктаждыктарын толук канааттандыруу жана кредиттик система боюнча окуган студенттерде академиялык карыздардын топтолушуна жол бербөө максатында иштелип чыккан.

Жыйынга экономика ПЦКсынын төрайымы З.М. Ахмедова, Укук таануу ПЦКсынын төрайымы Г.А. Доноева жана МТ, социалдык жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары А.К. Курманбекова катышып, студенттерди кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Белгиленгендей, жайкы семестр колледждин жетекчилигинин жана студенттердин демилгеси менен уюштурулат. Ал 2-4 жумага созулуп, жумасына бир-эки дисциплинага “чөмүлүү” ыкмасы аркылуу интенсивдүү кайталап окутууну камтыйт. Окутуу кредиттик система боюнча жүргүзүлүп, жыйынтыгында студенттер белгиленген тартипте экзамен тапшырып, академиялык карыздарын жоюуга мүмкүнчүлүк алышат.

Жыйындын жүрүшүндө студенттерге жайкы семестрдин артыкчылыктары, окуу тартиби жана катышуу шарттары боюнча кеңири түшүндүрмө берилди