1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

20

Кесипке жол мамлекеттик практикадан башталат

Экономика жана укук колледжинде Укук таануу адистигинин УТк-01-24,    УТк-02-24, УТк-2-23 жана УТк-3-23 тайпаларынын студенттерин                     16-февралдан  4-апрелге чейин мамлекеттик практикага жөнөтүүгө арналган конференция уюштурулду. Иш-чарага колледждин директору А.Ташматова, өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.А. Айылчиева, практика жетекчилери жана студенттер катышты. Конференциянын негизги максаты — студенттердин теориялык билимдерин практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштыруу, кесиптик көндүмдөрүн тереңдетүү жана мамлекеттик органдардагы иш процесси менен жакындан тааныштыруу болду. Мамлекеттик практика — бул жөн гана окуу планынын талабы эмес, бул — келечектеги адистин жоопкерчилигин, тартиптүүлүгүн жана укуктук маданиятын калыптандыруучу маанилүү этап.Иш-чаранын жүрүшүндө практика жетекчи  Б.Жусупбекова  студенттерге практиканын милдеттери, отчет тапшыруу тартиби, ички тартип эрежелери жана кесиптик этика боюнча кеңири маалымат берди. Өзгөчө мамлекеттик кызматтагы адистин жоопкерчилиги, мыйзамдуулукту сактоо жана жарандардын укугун коргоо маселелерине басым жасалды. Жыйынтыгында конференция студенттерге чоң дем-күч берип, алардын кесиптик багытын тактоого өбөлгө түздү. Алдыдагы практика — бул алардын билимине баа берүүчү сыноо гана эмес, келечектеги ийгиликтүү кесиптин ээси болууга карай ишенимдүү кадам болуп саналат.