1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

21

 Тил жоголсо - Эл жоголот

ЭУКтун ЖББ ПЦКсынынын 1-курстарынын тайпаларында 21-февраль буткул дуйнолук Эне тил майрамына карата " Тил жоголсо-Эл жоголот" деген темада ачык сабак өтүлдү. Сабакта Эне тил ар бир инсан үчүн жоготпой сактоосу зарыл экендиги баса белгиленди.

21-февраль – ЮНЕСКО тарабынан эл аралык эне тил күнү катары белгиленген.

Бул күн 1999-жылы Бириккен Улуттар уюмунун агартуу, илим жана маданият маселелери боюнча уюму – ЮНЕСКО тарабынан жарыяланып, ошондон бери жыл сайын маданий жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгиленип келе жатат.

Учурда дүйнө жүзүндө 6700дөн ашуун тил катталган. Бирок ар 14 күндө бирден тил жоголуп бара жаткандыгы жөнүндө да окумуштуулар кабатырланып жаткандыгы айтылып келе жатат. Бул тилдер ошол тилде сүйлөгөн саналуу кишилердин акыркылары дүйнө салып кетишине байланыштуу жоголууда. Эгер минтип отурса ушул жүз жылдыктын соңуна дейре дүйнө тилдеринин тең жарымы биротоло жоголуп кетүү коркунучуна туш келиши ыктымал. Ошондуктан бизге чейин жетип келген мурасты кийинки муунга откоруп беруубуз зарыл экендиги белгиленди.