1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

17

Экономика жана укук колледжинде экстремизм жана терроризм багытында конок лекциясы өткөрүлдү

2026-жылдын 17-февраль күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттикуниверситетинин экономика жана укук институту менен колледждин юриспруденция жана экономика багытындагы студенттери учун «Экстремизм жана терроризм: заманбап чакырыктар жана укук коргоо органдарынын ролу» аталышында конок лекция уюштурулду. Конок лекцияга Ички иштер министрлигинин Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармасынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенуу кызматынын кызматкери, милициянын подполковниги Урмат Калдаровдун катышуусунда өткөрүлдү. Экономика жана укук колледжинин ФКк-4-24 тайпасынын студентерин окутуучу З.Амиракулова катыштырып, студенттер учун кызыктуу, пайдалуу маалымат болгондугун айтты. Лекциянын жүрүшүндө экстремизм жана терроризмдин коомго тийгизген терс таасири, жаштар арасында радикалдуу идеялардын алдын алуу, ошондой эле интернет жана социалдык тармактар аркылуу тараган кооптуу маалыматтар тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди.

Конок лектор укук коргоо органдарынын экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүдөгү иш-аракеттери, мыйзамдык жоопкерчилик жана алдын алуу иштеринин мааниси боюнча маалымат берип, студенттерди мыйзамдуулукка, жарандык жоопкерчиликке жана коомдук коопсуздукка кайдыгер болбоого чакырды.

Иш-чара студенттер үчүн пайдалуу болуп, алардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана коомдук коопсуздук маселелерине туура көз караш калыптандырууга өбөлгө түздү.

Аягында студенттер кызыктырган суроолорун берип, талкуу жүргүзүлдү.