1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

20

Экономика жана укук колледжинде студенттик кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешмени колледждин Мамлекеттик тил, социалдык жана тарбиялык иштери боюнча директордун орун басары А.К.Курманбекова алып барды. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин жетишкендиктерин, ийгиликтерин жана ар тараптуу активдүүлүгүн маалыматтык мейкиндикте туура жана системалуу чагылдыруунун мааниси баса белгиленди.

А.К.Курманбекова өз сөзүндө социалдык тармактардагы активдүүлүк — бул окуу жайдын имиджин көтөрүүнүн, коомчулукка ачык-айкын маалымат берүүнүн жана студенттердин демилгелерин колдоонун натыйжалуу куралы экенин белгиледи. Ошондой эле ар бир тайпа жана студент өз ишмердүүлүгүн сапаттуу контент аркылуу чагылдырып туруусу зарылдыгы айтылды.

Кеңешменин жыйынтыгында конкреттүү сунуш-пикирлер айтылып, маалыматтык ишти жандандыруу боюнча милдеттер коюлду. Бул иш-чара студенттердин чыгармачыл жана коомдук активдүүлүгүн арттырып гана тим болбостон, колледждин жалпы рейтингин жана аброюн жогорулатууга өбөлгө түзө турган маанилүү кадам катары бааланды.