1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

20

“ Жаштар жана мекенди сүйүү” темасында куратордук саат

 Экономика жана укук колледжинде Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата “Жаштар жана мекенди сүйүү” аттуу тарбиялык куратордук саат өткөрүлдү. Иш-чарага Алымжан уулу Жыргал — Баткен согушунун ардагери, запастагы майор жана Аскерге аскердик даярдык сабагынын окутуучусу катышып, 1-курстун студенттери менен мазмундуу баарлашуу жүргүздү.

Куратордук сааттын жүрүшүндө өзүнүн аскердик кызматтагы тажрыйбасынан, Баткен окуяларындагы кыйынчылыктар жана мекенди коргоонун ыйык милдет экендиги тууралуу таасирдүү баяндамасын жасады. Ал жаштарды мекенчил болууга, жоопкерчиликти сезүүгө, тынчтыктын жана биримдиктин баркын билүүгө чакырды.

Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, ачык пикир алышуу болду. Иш-чара жаш муундардын патриоттук сезимин ойготуп, мекенге болгон сүйүүсүн арттырууга багытталды.

Мындай тарбиялык жолугушуулар жаштардын жарандык аң-сезимин калыптандырууда жана Ата Мекенге болгон жоопкерчилигин күчөтүүдө маанилүү роль ойнойт деп билдирди колледж жетекчилиги.