1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

16

ЭУКта «Манастаануу» предметинин жумалыгы ийгиликтүү өттү

2026-жылдын 09–13-февраль күндөрү ЭУКта «Манастаануу» предметинин жумалыгы жогорку деңгээлде уюштурулуп, анын алкагында окутуучу Н. Садырова тайпаларда мазмундуу жана таасирдүү ачык сабактарды өткөрдү. Жумалык студенттердин улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттыруу, кыргыз элинин руханий мурасын терең таанытуу жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү максатын көздөдү.

Сабактар улуу эпос — Манастын мазмундук өзөгүнө, идеялык-тарбиялык маанисине жана тарыхый-философиялык тереңдигине арналды. Студенттер эпостогу каармандардын образдарын талдап, алардын патриоттук, адеп-ахлактык сапаттары боюнча ой бөлүшүштү. Айрыкча Манастын эл биримдигин сактоодогу ролу, мекенчилдик духу жана даанышмандыгы өзгөчө белгиленди.

Ачык сабактар интерактивдүү ыкмалар менен коштолуп, топтук талкуулар, суроо-жооп форматындагы интеллектуалдык оюндар, сахналаштырылган көрүнүштөр жана презентациялар уюштурулду. Студенттер эпостон үзүндүлөрдү көркөм окуп, каармандардын мүнөзүн ачып берүүдө чыгармачылык мамиле көрсөтө алышты. Мындай ыкмалар сабактын мазмунун байытып, катышуучулардын активдүүлүгүн жогорулатууга шарт түздү.

Жумалыктын жүрүшүндө «Манастаануу» предметинин тарбиялык мааниси дагы бир ирет даңазаланып, улуттук аң-сезимди калыптандыруудагы орду баса белгиленди. Студенттер кыргыз элинин тарыхый мурасын урматтоо, салт-санаасын сактоо жана улуттук иденттүүлүктү бекемдөө багытында баалуу маалыматтарды алышты.

Жыйынтыгында, жумалык жогорку уюшкандыкта өтүп, катышуучулар үчүн мазмундуу жана таасирдүү иш-чаралардын бири болду. Окутуучу Н. Садырованын демилгеси менен өткөрүлгөн ачык сабактар билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга жана студенттердин руханий дүйнөсүн байытууга чоң салым кошту.