1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

58

Студент, ата-эне жана куратор: билим менен тарбиянын айкалышы

13-февраль күнү Экономика жана укук колледжинде Туризм адистигинин  ТМК-2-25 тайпасынын студенттеринин ата-энелер жыйыны жогорку деңгээлде уюштурулуп, жемиштүү маанайда өткөрүлдү. Бул жолугушуу ата-эне, окутуучу жана студент ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болду. Чогулуштун негизги максаты – студенттердин          1-семестр боюнча жыйынтыктоочу баалары менен ата-энелерди кеңири тааныштыруу, ошондой эле алардын сабакка катышуусу, тартип маселелери жана билим өздөштүрүүдөгү жетишкендиктери менен көйгөйлөрүн талкуулоо болду. Жыйын ата-энелер үчүн балдарынын окуудагы ийгиликтерин көрүүгө жана көйгөйлүү жагдайлар боюнча ачык пикир алышууга мүмкүнчүлүк түздү.

Иш-чараны тайпанын куратору Н.А. Айылчиева алып барып, алгач студенттердин жалпы жетишкендиктерине токтолду.  Ошону менен катар сабакка туруктуу катышпаган жана өз убагында тапшырмаларды аткарбаган студенттерди да  баса белгиледи.

Жыйынга ар бир предмет боюнча сабак берген окутуучулар катышып, өз дисциплиналары боюнча маалымат беришти. Алар студенттердин билим деңгээли, сабакка даярдыгы, өз алдынча иштөө жөндөмү жана тартип маселелери тууралуу кеңири айтып беришти. Айрым учурларда байкалган кыйынчылыктарды жоюу үчүн ата-эне менен тыгыз байланышта иш алып баруунун маанилүүлүгү белгиленди. Ата-энелер өз кезегинде кызыктырган суроолорун берип, сунуш-пикирлерин ортого салышты. Бул чогулуш ата-эне менен окуу жайдын ортосундагы өз ара ишенимди бекемдеп, студенттердин билим сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен аракеттердин башаты болду. Жыйынга ата-энелер менен катар студенттер да активдүү катышып, жолугушуу өз ара түшүнүшүү жана ачык баарлашуу форматында өттү. Чогулуштун соңунда тайпанын куратору Н.А. Айылчиева «Дарыкана наркоманиясы» аттуу актуалдуу темада тарбиялык саат уюштурду. Бул багытта жаштар арасында кеңири жайылып жаткан көйгөйлөр, анын кесепеттери жана алдын алуу жолдору тууралуу кеңири маалымат берилди.

Студенттер алдын ала даярдалган материалдардын негизинде презентация көрсөтүп, дары каражаттарын туура эмес пайдалануунун зыяндуулугу, ден соолукка жана коомго тийгизген терс таасири тууралуу мазмундуу баяндама жасашты. Баяндама жасаган студенттер өз ойлорун так, ишенимдүү жеткирип, көйгөйдүн актуалдуулугун ачып бере алышты. Ал эми айрым студенттердин даярдыгы жана билими жетишсиз экени да байкалды. Ата-энелер өз кезегинде баяндама жасаган жана жасай албаган студенттерге өз бааларын берип, пикирлерин билдиришти. Мындай ыкма студенттер үчүн чоң жоопкерчиликти жаратып, алардын өз үстүндө иштөөсүнө кошумча түрткү болду.

Мындай форматтагы жыйын студент–ата-эне–окутуучу үчилтигинин биримдигин бекемдеп, жаштардын коопсуздугу жана аң-сезимин жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болду. Чогулуш жыйынтыгында билим берүү менен катар тарбия ишинин да өзгөчө мааниге ээ экени дагы бир ирет баса белгиленди.