1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

26

Экономика жана укук колледжинде окутуучулар жыйыны өткөрүлдү

Экономика жана укук колледжинде окутуучулардын катышуусунда кезектеги жыйын өткөрүлдү. Жыйында окуу-усулдук ишмердүүлүккө байланышкан маанилүү маселелер каралды.

Жыйындын биринчи маселеси катары 2025–2026-окуу жылындагы билим алуучулардын жетишкендиктерин баалоонун модулдук-рейтингдик системасы жөнүндөгү жобо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, аталган жобого ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы №1-протоколунун негизинде өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Окутуучуларга жаңы талаптар, баалоо критерийлери жана окуу процессинде колдонуу тартиби боюнча кеңири маалымат берилди.

Экинчи маселе катары кышкы сессиянын жыйынтыгы каралды. Экзамен жана зачёттордун жыйынтыктары талданып, студенттердин жетишкендиктери жана көйгөйлүү жагдайлар боюнча анализ жүргүзүлдү. Окутуучулар тарабынан окуу сапатын жогорулатуу, билим алуучулардын жоопкерчилигин арттыруу жана баалоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Жыйындын соңунда кабыл алынган чечимдердин негизинде окуу процессин мындан ары өркүндөтүү багытында тиешелүү иштер жүргүзүлмөкчү.