1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

26

Экономика жана укук колледжинде 2-курстун студенттери менен жыйын өткөрүлдү

Экономика жана укук колледжинин директору А.А. Ташматова 2-курстун студенттери менен кышкы сессиянын жыйынтыгы боюнча жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө студенттердин сабактарга катышуусу (КТ) жана жетишүүсү (ЖТ) талданып, окуу процессиндеги негизги көрсөткүчтөр каралды.

Ошондой эле студенттердин сабактарга активдүү катышуусу, академиялык тартипти сактоо жана билим сапатын жогорулатуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Жыйындын соңунда студенттерге окуу процессине жоопкерчилик менен мамиле кылуу жана сабактарга үзгүлтүксүз катышуу боюнча сунуштар берилди.