1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

34

Экономика жана укук колледжинде кезексиз жыйын өткөрүлдү

Экономика жана укук колледжинде 2025–2026-окуу жылына карата «Окуу процессинин сапатына студенттердин канааттануусу» темасында жүргүзүлгөн социалдык сурамжылоонун жыйынтыктарын талкуулоого арналган кезексиз жыйын болуп өттү.

Жыйынга колледждин 48 окутуучусу катышты. Социалдык изилдөөнүн жыйынтыгынын негизинде студенттер тарабынан айтылган сунуштар жана пикирлер каралып, ар бир маселе кеңири жана ар тараптуу талдоого алынды.

Талкуунун жүрүшүндө студенттердин окутуучуларга карата билдирген сын-пикирлери жана сунуштары, тесттердин сапаты, сабак өтүүнүн методикасы, ошондой эле окутуучулардын студенттерге болгон мамилеси боюнча маселелер өзгөчө көңүл борборунда болду.

Жыйындын жыйынтыгында окутуучулардын өз кызматтык милдеттерин так жана жогорку жоопкерчилик менен аткаруусу зарыл экендиги баса белгиленип, окуу процессинин сапатын жогорулатууга багытталган бир катар сунуштар жана тапшырмалар белгиленди.

Колледж жетекчилиги студенттердин пикири окуу процессин өркүндөтүүдө маанилүү экендигин белгилеп, алдыда айтылган сунуштардын ишке ашырылышына өзгөчө көңүл буруларын маалымдады.