1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

30

1-курсунун студенттери менен 1-семестрдин жыйынтыгы боюнча жыйын өткөрүлдү

Экономика жана укук колледжинде 1-курсунун студенттери менен колледждин директору А.А. Ташматова 1-семестрдин жыйынтыгы боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө студенттердин биринчи семестрде көрсөткөн окуу жетишкендиктери талданып, жыйынтык баа ала албай калган студенттердин маселелери кеңири каралды. Директор А.А. Ташматова студенттерге окуу тартибин сактоо, сабактарга активдүү катышуу жана академиялык карыздарды өз убагында жоюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ошондой эле жыйынтык баа ала албай калган студенттерге кошумча сабактар жана консультациялар уюштурулаары белгиленип, кураторлорго студенттер менен тыгыз иш алып баруу тапшырмасы берилди. Жыйын студенттерди жоопкерчиликке тарбиялоо жана окуу сапатын жогорулатуу максатын көздөдү.

Жыйын соңунда студенттерге коюлган талаптар, келечектеги пландар жана сунуштар айтылып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.