1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

62

Эл аралык билим берүү кызматташтыгы: Кытайлык өкүлдөр менен жолугушуу

Экономика жана укук колледжинде 23-январь күнү Кытай Эл Республикасынын Ухань шаарынан Борбор Азия боюнча чет өлкөлүк бизнес компаниясынын директору Хао Чжоу жана ошол эле компаниянын менеджери Тан Синьюй иш сапары менен келишти.                                                                             Жолугушуунун максаты — келечекте экономика жана укук колледжинин окутуучулары жана студенттери менен академиялык мобилдүүлүк жүргүзүү, тажрыйба алмашуу, билим берүү тармагында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо болду. Жолугушуунун жүрүшүндө коноктор колледждин окуу корпусу менен таанышып, айрым окутуучулардын сабактарына катышып, кытай тилин өздөштүрүп жаткан студенттер менен баарлашышты. Андан соң тараптар студенттердин жана окутуучулардын Кытайдагы билим берүү мекемелеринде стажировкадан өтүүсү, кыска мөөнөттүү окуу программалары, студенттер үчүн жайкы каникулдарды уюштуруу, ошондой эле биргелешкен семинарлар жана тренингдерди өткөрүү, экономика жана укук багытындагы адистерди даярдоодо эл аралык тажрыйбаны колдонуу маселелери талкууланды. Ошондой эле колледжде кытай тилинде билим алып жаткан студенттер менен өзүнчө баарлашуу уюштурулду. Жыйынтыгында, жолугушуу эки тарап үчүн тең пайдалуу жана натыйжалуу болуп, келечекте өз ара кызматташтыкты бекемдөө жана конкреттүү сунуштарды ишке ашыруу боюнча пикирлер айтылды.