1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

90

Баалоо критерийлери боюнча мастер-класс өткөрүлдү

2026-жылдын 16-январында Экономика жана укук колледжинде окуу-усулдук иштеринин алкагында "Баалоо критерийлери" деген темада мастер-класс болуп өттү.

Сабакты окуу-усулдук иштер боюнча инспектор Орозова Жазгүл алып барып, окутуучуларга баалоонун максаты, түрлөрү жана критерий менен техникасынын айырмалары тууралуу кеңири маалымат берди.

Иш-чарага колледж боюнча 23 окутуучу катышып, билим берүү процессинде баалоо ыкмаларын туура колдонуу, студенттердин жетишкендиктерин объективдүү баалоо жана окуу мотивациясын жогорулатуу боюнча пайдалуу тажрыйбалар менен таанышышты.

Бул усулдук сабак окутуучулардын кесиптик компетенциясын арттырууга жана билим берүү сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат.