ЭР ЖИГИТ ЭЛ ЧЕТИНДЕ, ЖОО БЕТИНДЕ
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинде Ооганстан Республикасынан Советтик аскерлерди алып чыгуусунун 35 жылдыгына жана 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” аттуу иш чара өткөрүлдү. Иш чараны колледждин окутуучулары Н.А.Айылчиева жана Н.Э.Садырова уюштурду.
Иш чарага полковник, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси Ж.К.Карбеков, полковник Бекенов Т.Ж. жана ЖАМУнун Ш.М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучулары, Ооган ардагерлери А.О.Шерматов, М.И.Мамытов катышты.
Иш чараны колледждин директору, э.и.д..профессор А.Б.Карбекова ачып, куттуктоо сөз сүйлөп, конокторго сөз берди. Коноктор Ооган согушу жана Кыргыз мамлекетибиздин бейпил жашоосу үчүн күрөшкөн эр азаматтарды эскеришип, студенттерди Ата Мекенди сүйүүгө жана патриоттуулукка чакырды. Иш чаранын жыйынтыгында студенттер ардагерлерге көркөм ырларды, каалоо-тилектерди айтып, ыраазычылык билдиришип, белектерди беришти.