1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

13

«Жаңы жыл – жаңы үмүттөр жана максаттар» аттуу куратордук сабак өткөрүлдү

Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш предметтик-циклдик комиссиясынын (ПЦК) окутуучусу Анарбай кызы Айтбү тарабынан СРк-2-23 тайпасы үчүн «Жаңы жыл – жаңы үмүттөр жана максаттар» аттуу куратордук сабак өткөрүлдү.

Куратордук сабактын негизги максаты – студенттерди жаңы жылга карата өздөрүнүн жеке, окуу жана кесиптик максаттарын аныктоого, келечекке болгон ишенимин бекемдөөгө жана жоопкерчиликтүү жашоого багыт берүү болду.

Сабактын жүрүшүндө жаңы жылдын символикалык мааниси, өзүн-өзү өнүктүрүү, туура максат коюу, убакытты натыйжалуу пайдалануу жана коомго пайдалуу инсан болуунун мааниси тууралуу кеңири талкуу жүргүзүлдү. Студенттер активдүү катышып, өз ойлорун билдирип, жаңы жылга карата пландары жана тилектери менен бөлүшүштү.

Мындан тышкары, сабак интерактивдүү форматта өтүп, мотивациялык суроолор, ой бөлүшүүлөр жана чакан тапшырмалар аркылуу студенттердин кызыгуусу арттырылды.

Куратордук сабак студенттер үчүн шыктандыруучу, тарбиялык мааниге ээ болуп, жаңы жылды жакшы максаттар менен тосуп алууга түрткү берди.