1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

28

Жаңы жыл – жаңы үмүт, жаңы максат

Өтүлүүчү убактысы: 30 мүнөт Катышуучулар: 1-курс студенттери Өтүлүүчү жери: Колледж Куратор:  Камчибекова Элиза Кубатбековна Күнү: 24.12.2015ж

Максаты:

Студенттерди жаңы жыл менен куттуктоо, аларды жаңы жылга позитивдүү маанайда максат коюуга, өзүн-өзү өнүктүрүүгө жана окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга багыт берүү.

Куратордук сааттын формасы:

Маек, талкуу, интерактивдүү тапшырма

Колдонулуучу усулдар:

  • Суроо-жооп
  • Ой бөлүшүү
  • Мотивациялык көнүгүүлөр

Куратордук сааттын жүрүшү

  • Студенттер менен саламдашуу
  • Куратордук сааттын темасы жана максаты менен тааныштыруу
  • Жаңы жылга карата куттуктоо сөз

Бүгүнкү куратордук саатыбыздын темасы — “Жаңы жыл – жаңы үмүт, жаңы максат”. Жаңы жыл ар бирибиз үчүн жаңы барак ачкандай мааниге ээ. Ал бизге өткөн жылга сереп салып, жасаган иштерибизди баалап, алдыга жаңы максаттарды коюуга мүмкүнчүлүк берет.

Бул сабактын негизги максаты —өзүңөрдү талдоого, жаңы үмүттөрдү жаратууга жана жеке өнүгүүгө багытталган максаттарды так аныктоого түрткү берүү. Биз бүгүн жаңы жылды жөн гана майрам катары эмес, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, жоопкерчиликтин жана аракеттин башталышы катары карайбыз.

Жаңы жыл майрамыңар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Артта калган жыл ар бирибиз үчүн изденүү, тажрыйба жана өсүү жылы болду. Силер билимге умтулдунар, аракетчилдигинер жана жоопкерчилигинер менен көптөгөн ийгиликтерге жетиштиштинер.

Жаңы жыл ар бириңерге бекем ден соолук, талыкпаган эмгек дем, окууда жана жашоодо чоң ийгиликтерди алып келсин. Максаттарынар так, жолуңар жарык болсун. Кыйынчылыктар силерди чыйралтсын, ал эми жетишкендиктер алдыга шыктандырсын.

Силер менен иштешүү мен үчүн чоң сыймык. Ар дайым өз күчүңөргө ишенип, алдыга умтулуп, жакшы ниет менен чоң бийиктиктерди багындыра бергиле!

Жаңы жылыңыздар кут болсун!

Маек: “Жаңы жыл – жаңы үмүт”

Жаңы жыл силер үчүн эмнени билдирет?

2026-жылга силердин алдыга койгон максаттарынар?

2025-жылы алдынарга кандай максат койгонсунар алар ишке аштыбы? Ишке ашпай калса эмне тоскоолдук жаратты? Ошол тоскоолдукту кандай женүү керек?

2025-жылы өзунор канааттана турган кандай иштерди жасадын?

2025-жылы кандай катачылыктарды,кемчиликтерди кетирдин?2026-жылы ошол жасаган каталарыны, кемчиликтерини жоюнун жолдорун таба алдынбы?

Окуудагы жетишкендиктер

Кыйынчылыктар жана алардан алынган сабактар

Тартип, жоопкерчилик тууралуу пикир алмашуу

Интерактивдүү тапшырма: “Жаңы жылдагы максаттарым”

Ар бир студент жаңы жылга 3 максатын айтат же жазат

Окуу боюнча

Жеке өнүгүү боюнча

Коомдук активдүүлүк боюнча

Максатка жетүү жолдору талкууланат

Жыйынтыктоо

Куратордун жыйынтыктоочу сөзү

Студенттерге ийгилик каалоо

Жаңы жылдык жакшы тилектер

Күтүлгөн натыйжалар:

  • Студенттерде жаңы жылга карата үмүт жана ишеним пайда болот
  • Максат коюу жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө умтулуу күчөйт
  • Окууга болгон жоопкерчилик жогорулайт
  • Тайпанын ынтымагы бекемделет