1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

4 месяца назад

109

Иш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү

Экономика жана укук колледжинин социалдык иш адистигинин практика жетекчилери Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун Жалал-Абад областтык филиалында өндүрүштүк практиканы өтөгөн студенттердин даярдык деңгээли жана кесиптик сапаты боюнча иш берүүчүлөр менен иш ордунда жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин практикалык билими, жоопкерчилиги жана иш тажрыйбасы тууралуу пикирлер айтылып, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттеринин жетишкендиктери өзгөчө белгиленди. Иш берүүчүлөр окуу жайда берилген билимдин сапатына оң баа берип, мындай кызматташтык мындан ары да улантыларын билдиришти.

Бул жолугушуу студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, университет менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган маанилүү иш-чара болду.