1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

38

Экономика жана укук колледжинде окуу-өндүрүштүк практиканын жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү

            2025-жылы Экономика жана укук колледжинде СРК-2-23 тайпасынын студенттеринин окуу-өндүрүштүк практикасын жыйынтыктоо боюнча конференция болуп өттү. Иш-чарага Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин карьераны өнүктүрүү жана окуу-өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Жолдошалиева Н.С., Экономика жана укук колледжинин колледждин директору А.А. Ташматова, колледждин  өндүрүштүк практика жана карьера боюнча жетекчиси Н.А. Айылчиева,  ошондой эле практика жетекчилери Анарбай кызы Айтбү, Э.Т. Молдомиров, Н.Н. Сатымкулова катышты.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика өтөгөн мекемелер боюнча топторго бөлүнүп, аткарылган иштер, алынган тажрыйбалар жана практиканын жүрүшүндө кезиккен көйгөйлөр тууралуу кеңири отчетторун сунушташты. Тактап айтканда, СРК-2-23 тайпасынын студенттери төмөнкү мекемелерде окуу-өндүрүштүк практикадан өтүштү:

  • Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы
  • Манас шаардык Социалдык фонд башкармалыгы
  • Жалал-Абад шаардык мэриясы
  • Базар-Коргон шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун Жалал-Абад областтык филиалы

Практика учурунда студенттер калк менен иш алып баруу, документтерди тариздөө, социалдык кызмат көрсөтүүнүн механизмдери, жарандарга консультация берүү жана социалдык программалар менен иштөө багытында практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү. Ошондой эле мамлекеттик жана коомдук мекемелердин ишмердүүлүгү, кызматкерлердин функционалдык милдеттери менен жакындан таанышып, келечектеги кесиптик ишмердүүлүк үчүн маанилүү тажрыйба топтошту.

Конференциянын соңунда жетекчилер тарабынан студенттердин отчетторуна талдоо жүргүзүлүп, практиканын жыйынтыктары жогору бааланды. Студенттердин активдүүлүгү, жоопкерчилиги жана тандаган кесибине болгон кызыгуусу белгиленип, келечекте билим алуу жана карьералык өсүү боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Жыйынтыктоо конференциясы студенттер үчүн окуу-өндүрүштүк практиканын маанисин терең түшүнүүгө, теориялык билимди практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштырууга өбөлгө түздү.