1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

43

Экономика жана укук колледжинде “Мыкты практикант” конкурсу болуп өттү

                Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш предметтик-цикликалык комиссиясынын иш-планынын негизинде студенттер арасында “Мыкты практикант” конкурсу өткөрүлдү. Иш-чара ПЦКнын практика жетекчиси Анарбай кызы Айтбү тарабынан уюштурулуп, студенттердин окуу-өндүрүштүк практика учурундагы активдүүлүгүн, жоопкерчилигин жана кесиптик даярдыгын аныктоону максат кылды.

Конкурстун шарттары жана баалоо критерийлери студенттерге 27-октябрдан тартып окуу-өндүрүштүк практикага жөнөтүлүү учурунда алдын ала жарыяланып, катышуучулар белгиленген талаптарга ылайык өз иштерин активдүү жүргүзүштү. Студенттер практика базаларында берилген тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткарып, отчеттук материалдарын талапка ылайык даярдашты.

Конкурска баа берүү төмөнкү негизги критерийлер боюнча жүргүзүлдү:

  • практикалык иштеги активдүүлүк жана жоопкерчилик;
  • тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
  • практика күндөлүгүн жана документацияны талапка ылайык жүргүзүү;
  • отчеттун мазмуну жана аны коргоо деңгээли;
  • коллектив жана кардарлар менен этикалык мамиле;
  • жеке компетенциялар (коммуникация, лидерлик, кесиптик маданият);
  • практика учурунда илимий изилдөө жүргүзүү;
  • практика өткөн мекемеден алынган мүнөздөмө;
  • кошумча салым жана ички тартипти сактоо.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча:

  • I даражадагы дипломАбдыкайымова Айжан
  • II даражадагы дипломАбдукаримова Рушоно
  • III даражадагы дипломСадирбеков Нурсултан

            Жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылып, алардын практика учурундагы жоопкерчиликтүү мамилеси, демилгелүүлүгү жана кесипке болгон кызыгуусу жогору бааланды.

Аталган иш-чара студенттер үчүн окуу-өндүрүштүк практиканы жоопкерчилик менен өтүүгө, кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга олуттуу мотивация берди.