1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

36

Интервью: Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Н.А. Жакыпова менен

2025-2026-окуу жылынын декабрь айында Экономика жана укук колледжинин директору А.А.Ташматова Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Н.А. Жакыпова менен интервью жүргүзүп келди. Анда төмөнкү суроолорго жооптор алынды.

Суроо 1:

— Назира Алмазбековна, ЖАМУнун социалдык иш адистигинин студенттеринин практика өтүүсү тууралуу кандай ойдосуз? Алардын ийгиликтери тууралуу айтып берсеңиз.

Жооп:

— ЖАМУнун экономика жана укук колледжинин социалдык иш адистигинин студенттери практика өтүүдө өздөрүн жакшы көрсөтүшөт. Биздин башкармалыкта практика өтүп жаткан студенттердин көпчүлүгү, социалдык иштерге кызыгуусу жана өнүгүү мүмкүндүктөрү бар экенин көрсөтүп келишет. Алардын теориялык билимдери жана практикалык тажрыйбалары биригип, биздин башкармалыкта иш алып барууга даяр болушат. Алардын ийгиликтери биз үчүн чоң сыймык жана ишеним болууда.

Суроо 2:

— ЖАМУнун бүтүрүүчүсү катары, университет жөнүндө сиздин көз карашыңыз кандай?

Жооп:

— ЖАМУнун бүтүрүүчүсү болгондуктан, мен бул университеттин кеңири мүмкүнчүлүктөрүн баалайм жана университетим менен сыймыктанам. ЖАМУ бизге заманбап билим берүү менен катар, социалдык иш адистигинде ийгиликтүү практикалык көндүмдөрдү жогорулатууга жардам берет. Университеттин багыты жана көз карашы студенттердин өнүгүүсүнө көңүл буруп, алардын профессионалдык өсүшүнө чоң салым кошот.

Суроо 3:

— Жалал-Абад мамлекеттик университети, анын ичинде социалдык иш адистиги тууралуу өзгөчө айтылган сөздөрүңүз барбы?

Жооп:

— Жалал-Абад мамлекеттик университети чындап эле мүмкүнчүлүктөргө бай. Ал жерде билим алган студенттерге бардык жагдайлар түзүлгөн: заманбап лабораториялар, практикалык сабактар жана окутуучулардын жогорку деңгээли. Социалдык иш адистиги боюнча атайын сабактар жана курс аркылуу студенттер эмгек рыногунда иштөөгө даяр болууга шарт түзүлөт. Университеттеги жакшы атмосфера жана колдоо көрсөтүү биздин келечек муундарга кесиптик өсүшүү үчүн чоң мааниге ээ.

Суроо 4:

— Социалдык иш адистигиндеги студенттердин мыкты деп айтып кеттиңиз, алардын кайсы сапаттарына токтолуп кетет элениз?

Жооп:

— Социалдык иш адистигиндеги студенттердин мыктылыгы алардын адамдарга болгон жан дүйнөсүндөгү ыйык мамилеси, эмгекке болгон жоопкерчилиги жана коомдук көйгөйлөргө болгон терең түшүнүгү менен ачылат. Алардын чын дили менен жардам берүү, көйгөйлөрдү чечүүгө болгон ниети жана адамдар менен иштөө жөндөмдүүлүгү аларды мыкты адистерге айландырат. Алардын эмгекке болгон активдүү мамилеси жана жаңычылдыгы — бул биздин коомго түздөн-түз таасир этип, жакшы өзгөрүүлөрдү алып келет.