1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

33

Экономика жана укук колледжинин социалдык иш ПЦКсынын окутуучуларынын катышуусунда «Социалдык иш адистигине болгон жалпы суроо-талап: улуттук жана аймактык көз караш» темасында жолугушуу өткөрүлдү

Көк-Жангак шаарында социалдык иш адистигинин өнүгүүсү жана студенттерге болгон суроо-талап маселелерине арналган жолугушуу болуп өттү. Иш-чараны экономика жана укук колледжинин социалдык иш ПЦКсынын практика жана карьера жетекчиси Анарбай кызы Айтбу уюштурду.

Жолугушуунун негизги максаты — социалдык иш адистигине болгон өлкөлүк жана жергиликтүү муктаждыкты талкуулоо, ошондой эле иш берүүчүлөр күткөн заманбап адистин сапаттарын студенттерге жеткирүү болду.

Маек: Анарбай кызы Айтбу — Көк-Жангак шаарынын мэри Замирбек уулу Сыргак

Суроо (Анарбай кызы Айтбу): — Замирбек мырза, бүгүн өлкө боюнча социалдык кызматкерлерге суроо-талап кандай деңгээлде?

Жооп (Замирбек уулу Сыргак): — Суроо-талап өтө жогору. Улгайган адамдардын саны өсүүдө, майыптыгы бар жарандар, кризистик абалдагы үй-бүлөлөр, балдар менен иштөө барган сайын татаалдашууда. Бул шарттар социалдык иш адистерине болгон муктаждыкты күчөтүп, аймактарда кадр жетишсиздигин жаратууда.

Суроо (Анарбай кызы Айтбу): — Окуу жайлар социалдык иш адистерин даярдоодо кайсы багыттарды өзгөчө күчөтүшү керек деп ойлойсуз?

Жооп (Замирбек уулу Сыргак): — Эң негизгиси — студенттерди реалдуу турмуштагы кырдаалдарга даярдоо. Практиканы көбөйтүү, кейс-методдорду кеңири колдонуу зарыл. Студент канчалык көп чыныгы адамдар менен иштесе, ошончолук деңгээлдүү адис болуп калыптанат. Теория маанилүү, бирок практика — адистин жүзү.

Суроо (Анарбай кызы Айтбу): — Иш берүүчү катары сизге «кандай студент керек»?

Жооп (Замирбек уулу Сыргак): — Бизге жоопкерчиликтүү, активдүү, коомго кайдыгер эмес студенттер керек. Көйгөйдү көрө билген жана аны чечүүгө умтулган жаш адистерди күтөбүз. Биз үчүн дипломдон да маанилүүсү — миссия менен келген адис.

Суроо (Анарбай кызы Айтбу): — Келечекте социалдык иш адистигинин ролу кандай багытта өнүгөт деп ойлойсуз?

Жооп (Замирбек уулу Сыргак): — Бул кесиптин ролу жылдан-жылга өсөт. Социалдык көйгөйлөр эч качан жоголбойт. Бизге кризистик интервенцияны билген, коомчулук менен иштей алган, социалдык долбоорлорду жазган жана коомго реалдуу таасир бере алган адистер керек. Социалдык иш — бул жөн гана кесип эмес, бул адамга кызмат кылуу миссиясы.

Суроо (Анарбай кызы Айтбу): — Көк-Жангак шаарындагы кырдаал тууралуу эмне айта аласыз?

Жооп (Замирбек уулу Сыргак): — Бизде да социалдык кызматкерлер жетишсиз. Айрым кызматкерлерге ашыкча жүк түшөт. Мобилдик социалдык кызматтарды кеңейтүү зарыл. Жаш адистердин практикалык даярдыгы — негизги маселе болуп турат.

Суроо (Анарбай кызы Айтбу): — Студенттерде кандай сапаттар болушу шарт?

Жооп (Замирбек уулу Сыргак): — Биринчиден — эмпатия. Экинчиден — документтер менен иштей билүү. Үчүнчүдөн — чыр-чатак жана кризистик кырдаалдарга туура реакция берүү жөндөмү. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө IT-навыктар да социалдык кызматкер үчүн маанилүү болуп калды.

Жыйынтык

Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык иш адистигинин коомдогу орду, студенттерге болгон реалдуу суроо-талап жана практикага багытталган окутуунун зарылдыгы кеңири белгиленди. Билим берүү мекемелери менен жергиликтүү бийликтин мындай түз байланыштары келечекте сапаттуу, ишке даяр социалдык адистерди чыгарууга өбөлгө түзөт.

Социалдык иш — аймактын да, өлкөнүн да социалдык туруктуулугун камсыз кылган негизги тармактардын бири. Ошондуктан бул багытта адистерди даярдоо — жалпы коомдун жоопкерчилиги.