1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

29

    Билим берүүдөгү өнөктөштүк: Экономика ПЦКсында мобилдүүлүк иш-чарасы

        Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсында академиялык мобилдүүлүк ийгиликтүү колго алынып, К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин окутуучулары тарабынан, студенттер үчүн мазмундуу жана практикага багытталган сабактар өткөрүлдү. Бул иш-чара билим берүү сапатын жогорулатууга, алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүүгө жана студенттердин кесиптик даярдыгын бекемдөөгө багытталды.

      Мобилдүүлүк программасынын алкагында келген окутуучулар «Ишкананын экономикасы» жана «Бизнес-план» предметтери боюнча сабак өтүп, теориялык билимди практикалык мисалдар менен айкалыштырып беришти. Сабактарда ишкананын экономикалык ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрү, рыноктук шарттарда натыйжалуу иш алып баруу жолдору, чыгымдарды жана кирешени талдоо, ошондой эле ишкердикти өнүктүрүүдөгү стратегиялык чечимдер кеңири түшүндүрүлдү. «Бизнес-план» предмети боюнча студенттер бизнес-идеяны иштеп чыгуу, аны экономикалык жактан негиздөө, финансылык эсептөөлөрдү жүргүзүү жана инвестиция тартуу маселелери боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту.

      Жыйынтыгында, Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсында өткөрүлгөн бул мобилдүүлүк иш-чарасы билим берүү процессин байытып, окутуучулар ортосунда тажрыйба алмашууга, студенттердин кесиптик кызыгуусун арттырууга чоң салым кошту. Колледж жетекчилиги мындан ары да мындай кызматташтыкты улантып, жогорку окуу жайлар менен байланышты бекемдөө аркылуу билим сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурарын белгилейт.