1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

33

Каржы адистигинде практика – теориянын чыныгы сыноосу

         Үстүбүздөгү жылдын 19-декабрында Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсына караштуу «Каржы (тармактары боюнча)» адистигинин 3-курсунун студенттеринин өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы мазмундуу жана жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү.

Конференцияга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Н.С. Жолдошалиева, Экономика жана укук колледжинин директору А.А. Ташматова, Экономика ПЦКсынын башчысы З.М. Ахмедова, ПЦКнын практика боюнча жетекчиси А. Калмурзаева, ошондой эле аталган адистиктин практика жетекчилери Г.Б. Бекиева, Э.Э. Кадырова, Б.К. Курстанбекова катышышты.

         Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өндүрүштүк практика мезгилинде аткарган иштерин чагылдырган презентацияларын сунуштап, илимий-изилдөө иштери боюнча кеңири отчет беришти. Алар практика учурунда алган тажрыйбаларын жана жетишкен ийгиликтерин слайддар жана видеоматериалдар аркылуу көрсөтүп, практикалык көндүмдөрүнүн калыптанышына өзгөчө көңүл бурушту.

       Жыйынтыктоочу бөлүктө Н.С. Жолдошалиева сөз сүйлөп, конференциянын өз убагында уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, жетишилген натыйжаларга кеңири токтолду. Ал өз сөзүндө төмөнкү жагдайларды өзгөчө белгиледи: — ишке орношууга сунуш алган студенттердин көптүгү адистиктин жетишкендигинин маанилүү көрсөткүчү экендигин; — «Дос Кредо» банкынан мактоо алган ФК-2-23 тайпасынын студенти Режебалиев Шермуратты өзгөчө белгилеп кетүү зарылдыгын; — отчетун коргогон студенттердин бардыгы сапаттуу презентациялар менен чыгып, материалды логикалык жактан так жана түшүнүктүү жеткире алгандыгын; — жекелик жана иштик маалыматтарды туура пайдалангандыгын; — практика өтөө учурунда студенттердин ишканалардагы иш-чараларга активдүү катышуусу мурдагы практикаларга салыштырмалуу айырмалангандыгын белгилеп, студенттерге мындан аркы практикаларында ийгиликтерди каалады.

Андан соң жол картасына ылайык иш-аракеттердин аткарылышы боюнча талкуу жүргүзүлүп, суроо-жооп алмашуулар болду.

Конференциянын соңунда практика жетекчилери студенттердин ишмердүүлүгүнө ар тараптуу талдоо жүргүзүп, алардын кесиптик жактан өсүүсүнө багытталган сунуш-пикирлерин айтып, жыйынтык бааларын беришти. Бул жыйынтыктоочу конференция студенттердин теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен бекемдөөгө өбөлгө түзүп, алардын келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө ишенимдүү негиз болду.