1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

34

Өндүрүштүк практика: болочок адистердин алгачкы кесиптик тажрыйбасы

      Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын «Экономика жана бухгалтердик эсеп» адистигинин 3-курсунун студенттеринин өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү.

      Иш-чарага ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Н.С. Жолдошалиева, Экономика жана укук колледжинин директору А.А. Ташматова, ЭУКтун өндүрүштүк практика жана карьера боюнча жетекчиси Н.А. Айылчиева, ПЦКнын практика боюнча жетекчиси А. Калмурзаева, ошондой эле аталган адистиктин практика жетекчилери З.М. Ахмедова жана А. Айдарбекова катышышты.

      Конференциянын жүрүшүндө студенттер өндүрүштүк практика мезгилинде аткарган иштерин чагылдырган презентацияларын сунуштап, илимий-изилдөө иштери боюнча кеңири отчет беришти. Алар практика учурунда алган тажрыйбаларын жана жетишкен ийгиликтерин слайддар жана видеоматериалдар аркылуу көрсөтүп, практикалык көндүмдөрүнүн калыптанышына өзгөчө көңүл бурушту.