1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

34

Салык адистигинде практикалык тажрыйбанын орду: студенттик отчеттор жана жетишкендиктер

Үстүбүздөгү жылдын 17-декабрында Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсына караштуу «Салык жана салык салуу» адистигинин 3-курсунун студенттеринин өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы мазмундуу жана жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү.

Конференцияга 3-курстун студенттери менен бирге Экономика жана укук колледжинин директору А.А. Ташматова, ЭУКтун өндүрүштүк практика жана карьера боюнча жетекчиси Н.А. Айылчиева, Экономика ПЦКсынын башчысы З.М. Ахмедова, ПЦКнын практика боюнча жетекчиси А. Калмурзаева, ошондой эле аталган адистиктин тажрыйбалуу окутуучулары Г.Б. Бекиева жана Г.П. Салибаева катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өндүрүштүк практика мезгилинде аткарган иштерин чагылдырган презентацияларын сунуштап, илимий-изилдөө иштери боюнча кеңири отчет беришти. Алар практика учурунда алган тажрыйбаларын, жетишкен ийгиликтерин слайддар жана видеоматериалдар аркылуу көрсөтүп, практикалык көндүмдөрүнүн калыптанышына өзгөчө токтолушту.

Жыйынтыктоочу бөлүктө практиканын жүрүшүндө жетишилген натыйжалар, алдын ала түзүлгөн жол картасына ылайык иш-аракеттердин аткарылышы боюнча талкуу жүргүзүлүп, суроо-жооп алмашуулар болду. Студенттер практика маалында кездешкен кыйынчылыктарды ачык белгилеп, аларды жоюу жана ишти жакшыртуу боюнча өз сунуштарын ортого салышты.

Конференциянын соңунда практика жетекчилери студенттердин ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүп, кесиптик жактан өсүүсүнө багытталган сунуш-пикирлерин айтып, жыйынтык бааларын беришти. Бул жыйынтыктоочу конференция студенттердин теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен бекемдөөгө өбөлгө түзүп, алардын келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө ишенимдүү негиз болду.