1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

31

Кесиптик компетенцияларды калыптандырууда иш берүүчүлөрдүн ролу

Экономика жана укук колледжинин социалдык иш адистигинин практика жетекчилери А.А. Ташматова, Н.Н. Сатымкулова, А.Анарбай кызы жана Э.Т.Молдомировтор иш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүштү.

Мында Манас шаардык социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Э.Шамиева, Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысынын орун басары А.Ж.Асанова жана КРнын Улуттук Кызыл Ай коомунун Жалал-Абад областтык филиалынын кызматкерлери менен иш ордунда жолугушуу уюштурулду.

Жолугушуунун негизги темасы — «Кесиптик компетенцияларды калыптандырууда иш берүүчүлөрдүн ролу» болгон. Иш берүүчүлөр жана практика жетекчилери социалдык иш адистигинин студенттеринин теориялык билимдерин практикада кантип жогорку деңгээлде колдонуу керектигин жана бул процессте иш берүүчүлөрдүн кандай мааниге ээ экендигин талкуулашты.

Мындан тышкары, жолугушууда иш берүүчүлөр менен практика жетекчилеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана социалдык иш адистигинде кесиптик даярдыгын жакшыртуу үчүн келечектеги иш-чаралар боюнча сунуштар жана пикирлер айтылды.

Бул иш-чара окутуучулар менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы байланыштарды чыңдап, социалдык иш адистигинин бүтүрүүчүлөрүн өнүктүрүү багытында маанилүү кадам болду.