1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

34

«Академиялык мобилдүүлүк – билим сапатын жогорулатуунун натыйжалуу куралы».

    Жалал-Абад мамлекеттик университети илимий билим берүү өндүрүштүк комплекси  Экономика жана укук колледжинин Экономика предметтик-циклдик комиссиясынын  окутуучулары — Айдарбекова А.Ж., Кадырова Э.Э. жана Курстанбекова Б.К Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында  2025-жылдын 10–12-декабрь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжине тажрыйба алмашуу максатында иш сапары менен барып келишти.

Бул иш сапардын негизги максаты — эки окуу жайдын ортосунда билим берүү тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү, окутуунун заманбап ыкмаларын жайылтуу, педагогикалык тажрыйба алмашуу жана студенттердин билим сапатын жогорулатуу болуп саналат.

     Иш сапардын алкагында Экономика жана укук колледжинин окутуучулары ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин студенттерине конок лекцияларды жана практикалык сабактарды өтүштү. Тактап айтканда, Айдарбекова А.Ж. 3-курстун студенттерине «Бухгалтердик эсептеги операциялардын мазмунун аныктоо жана бухгалтердик проводкаларды түзүү жолдору» деген темада сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө теория менен практиканын айкалышы көрсөтүлүп, бухгалтердик эсепке алуудагы негизги операциялар мисалдар аркылуу кеңири түшүндүрүлдү.

     Ошондой эле Кадырова Э.Э. студенттерге «Жергиликтүү бюджеттин кирешелери» темасында конок лекция өтүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик кирешелеринин булактары, алардын түзүлүшү жана социалдык-экономикалык мааниси боюнча маалымат берди. Лекция студенттердин кызыгуусун жаратып, суроо-жооп форматында активдүү талкуу менен коштолду.

     Ал эми Курстанбекова Б.К. «Базар шартындагы ишкананын негизги милдеттери» деген темада сабак өтүп, рынок экономикасында ишканалардын ролу, негизги функциялары, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жана башкаруу маселелери боюнча кеңири маалымат берди.

     Өтүлгөн бардык сабактар интерактивдүү усулдарда уюштурулуп, студенттердин активдүү катышуусуна шарт түзүлдү. Сабактарда таркатма материалдар, практикалык тапшырмалар жана мисалдар кеңири колдонулуп, билим берүү процессинин натыйжалуулугу жогорулатылды.

     Мындай академиялык мобилдүүлүк алкагындагы тажрыйба алмашуу иш-чаралары эки окуу жайдын ортосундагы достук мамилени жана кесиптик кызматташууну бекемдеп, келечекте биргелешкен иш-чараларды уюштурууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Ошондой эле бул сапар окутуучулардын кесиптик өсүшүнө, билим берүү сапатын жогорулатууга жана студенттердин теориялык жана практикалык даярдыгын чыңдоого чоң салым кошту.