1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

38

1

«Заманбап маркетингдеги фирмалык стиль: рекламадагы визуалдык таасир жана бренддин күчү»

        Экономика жана укук колледжинде ачык сабактарды өтүү колго алынып  , Экономика ПЦКсынын окутуучусу  Калмурзаева Асель Казыбековна  тарабынан Фк-2-23 тайпасында  “Фирмалык стиль жана товардык белгилерди рекламада колдонуу”  деген темада сабак өтүлдү.

Сабактын максаты — студенттерге маркетингде фирмалык стиль менен товардык белгилердин таасирин түшүндүрүү жана аларды туура колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүү болду. 

         Сабактын жүрүшүндө студенттерге фирмалык стильдин элементтери, товардык белгилердин түрлөрү жана алардын рекламадагы мааниси тууралуу  Padlet тиркемеси аркылуу кеңири маалымат берилди.  Окутуучу заманбап бренддердин мисалында маркетингдеги визуалдык өзгөчөлүктөрдү талдап, студенттер менен интерактивдүү талкуу жана топтук тапшырмаларды уюштурду.

      Башка өтүлгөн сабактардан өзгөчөлөнүп окутуучу тарабынан Padlet тиркемесинин ичинде Word программасында  практикалык тапшырмалар жүктөлүп, Power point программасына презентация даярдалды , You tube тиркемесинде видео-ролик менен түшүнүктөр бекемделип, myGuiz тиркемесинде студенттер тест иштеп дароо жыйынтыгын көрүштү.

    Бул сабак студенттердин   жарнамадагы аналитикалык ой жүгүртүүнү калыптандырууга багытталган пайдалуу жана практикалык сааттардын бири катары өттү.