1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

33

            «Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов»

      Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук колледжинде   2025-жылдын 12-декабрында улуу кыргыз жазуучусу, коомдук ишмер Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун туулган күнүнө арналган «Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов» аттуу маданий иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

   Иш-чара Экономика предметтик-циклдик комиссиясынын төрайымы З.М. Ахмедова, ошондой эле окутуучулар А.Ж. Айдарбекова жана А.К. Курманбекова тарабынан уюштурулду.

    Маданий иш-чарага Бекмамат Осмонов атындагы ЖАМУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча адиси Ү.Т. Кайкыева, Экономика жана укук колледжинин директору А.А. Ташматова, ошондой эле колледждин окутуучулары катышты.

    Иш-чаранын жүрүшүндө Экономика ПЦКсынын студенттери Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан алынган кыскача сахналык көрүнүштөрдү, көркөм окууларды жана ыр-саптарды аткарып, улуу жазуучунун чыгармачылыгына болгон терең урмат-сыйын көрсөтүштү. Мындан тышкары, студенттер кыргыз элинин улуттук  бийлерди бийлеп, ырларды аткарып, иш-чаранын көркүн ачышты.

    Коноктор студенттердин чыгармачылык программасын жогору баалап, мындай иш-чаралар жаштардын руханий дүйнөсүн байытып, Айтматовдун улуу мурасын даңазалоодо маанилүү роль ойноорун белгилешти.

     ЖАМУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча адиси Кайкыева Үлпат Тагаевна өз сөзүндө иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, азыркы жаштар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын унутпай, аны даңазалап жүрүшү кубандыраарын баса белгиледи.

Бул маданий иш-чара улуу жазуучунун чыгармаларын жаш муунга кеңири таанытып, анын руханий мурасын терең түшүнүүгө өбөлгө түздү.