1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

33

Цифралык доордун балдарына билим жана тарбия берүү жолдору 

Экономика жана укук колледжинде окуу-усулдук иштеринин алкагында 13-декабрь "Цифралык доордун балдарына билим жана тарбия берүү жолдору" деген темада мастер-класс өткөрүлдү. 

Спикер катары тажрыйбалуу педагог, практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси Айылчиева Назгүл алып барып, бүгүнкү муундун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, санариптик чөйрөдө балдарга кандайча туура багыт берүү керектиги тууралуу актуалдуу ойлорду ортого салды. 

Мастер-класска колледждин окутуучулары катышып, заманбап педагогикалык ыкмалар, санариптик технологияларды колдонуу, ошондой эле тарбиялык багыттагы жаңы мамилелер боюнча пайдалуу маалыматтарды алышты. 

Бул иш-чара окутуучулардын методикалык даярдыгын өркүндөтүүгө жана билим берүү процессинде балдардын дүйнөсүн түшүнүүгө багытталган маанилүү кадам болду.