Эрте никеге туруу-сатылган балалык

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинде “эрте никеге туруу-сатылган балалык” темасында тегерек стол уюштурулду.
Тегерек столду уюштуруучулар колледждин окутуучулары Г.М. Самудинова , Н.А.Айылчиева, Г. Бекиева жана “Каниет” реаблитациялоо борборунун жетекчиси, үй-бүлөлүк жана балдар психологу Ташматова Назгуль , реаблитациялоо борборунун ассистенти Кылычбек к Элиза . Тегерек столдун максаты кыздар арасында көйгөй болуп жаткан эрте никеге туруу , зордук-зомбулук, психикалык жактан травма алуу жана сүйүү этикасы жөнүндө кыздарга түшүндүрүү жүргүзүү.
Ташматова Назгуль жашы жете элек кыздардын арасындагы болуп жаткан көйгөйлөр, өткөөл курактагы келишпестиктер жана кыздар арасындагы ар кандай көйгөйлөр боюнча пикир алышып бир канча мисалдарды келтирди. Психолог кыздарды жашоодо адашпоого жана билим алып келечекке туура максат коюуга чакырды. Тегерек столдун жыйынтыгында келечектеги энелер өздөрүнө пайдалуу кеңеш ала алышты - дейт колледждин окутуучусу Назгул Айылчиева.